"Манчестер Ситинин" оюнчусуна кол салган 20 жаштагы жигит кармалды

Голсуз тең чыгуу менен аяктаган Манчестер дербисинде "Манчестер Ситинин" жарым коргоочусу Жек Грилишке күйөрмандардын бири кол салды. Окуя "Олд Траффорд" стадионунда болгонун чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кол салуу стадион талаасынан чыга бериште болгон. Кол салуудан футболчу эч кандай жаракат алган эмес. Манчестер полициясы иликтөө иштери жүрүп жатканын тастыктады. Футболчуга кол салган жигиттин соту июль айында болот.

"Манчестер Сити" жана "Манчестер Юнайтед" тергөө жүрүп жаткандыктан окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Кол салуу стадиондо чыңалган кырдаалда болгон. Беттеш учурунда "Манчестер Юнайтеддин" күйөрмандары атаандаштын жарым коргоочусу Фил Фоденди бир нече жолу кемсинтип, анын апасы тууралуу жаман сөздөрдү айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан