Бүгүн, 8-апрелде мектеп жана бала бакчаларда экологиялык көйгөйлөрдү STEM дисциплиналары аркылуу чечүүгө үйрөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул долбоор президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу боюнча жарлыгын, “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгынын иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
"Долбоордун алкагында мектептердин жана бала бакчалардын аймактарында экологиялык компост аянтчалары уюштурулуп, окуучулар органикалык калдыктарды кайра иштетүүнү тажрыйба жүзүндө үйрөнүшөт.
Алгачкы этапта долбоор Бишкекте пилоттук түрдө башталат. Бул боюнча тиешелүү жобо жана уюштуруу иштери Билим берүү жана илим министрлигинде талкууланып, бекитилди. Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборуна жүктөлгөн",-деп айтылат маалыматта.