Түштүк кореялык режиссёрлор тарткан “Кальмар оюну” сериалында 001 оюнчунун ролун аткарган 80 жаштагы О Ён Су бир жылга камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, актёр сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталган. Сот алгач сегиз айга камакка алып, кийин жаза мөөнөтүн узарткан.
Айыптоочунун айтымына караганда, окуя 2017-жылы болгон. Анда О Ён Су жаш кесиптешин үйүнүн жанында эркине каршы кучактап, өпкөн. Ал эми актёр күнөөсүн мойнуна алган эмес.
"80 жылдан бери жыйнап келген нерселеримдин баары бир заматта кулады. Мен өзүмдү талкалангандай сезип жатам. Мен жөн гана өзүмдүн мурдагы жашоомо кайткым келет", - деген актёр.
Ал эми соттук отурумдун жүрүшүндө айыптоочу тарап жабырлануучу окуя болгондон бери жумушта да, күнүмдүк жашоодо да коркуу менен жашап жатканын айтышкан.