Айыл чарба министрлиги картошканы былтыркыдан ашыкча өстүрбөөнү сунуштады. Себеби

Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлерге бул жылы картошканын аянтын былтыркыдан ашырбоону сунуштады.
Маалыматта айтылгандай, былтыр картошка 66,4 миң гектарга отургузулуп, дүң жыйым 1 миллион 190 миң 200 тоннаны түзгөн. Натыйжада, быйылкы жылы картошканын баасы 45-60 сомду түзүп, дыйкандар жогорку киреше ала алышкан.
Картошкага болгон баанын өсүшү ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошкага муктаждык жогору болгондуктан улам көтөрүлгөн. Быйыл бул жагдайды эске алып, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошканын эгилген аянты көбөйүшү мүмкүн.
"Ар жыл сайын өзгөрүп турган базар экономикасынын талаптарына ылайык, картошканы өстүрүүдө коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга көңүл буруу абзел. Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, быйылкы жылы картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоо сунушталат. Дыйкандарыбыз быйыл баа жогору болду деген негизде картошканын аянтын көбөйтүп жиберишкен шартта, анын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси азайып кетүүсү мүмкүн", - деген министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан