Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкек шаарындагы жол тыгыны көйгөйүн чечүү үчүн метро курууну сунуштады. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында айтты.
Айтымында, тыгындын айынан таксисттер каттамга чыгуудан баш тарткан учурлар болууда.
"Жаңы эле келе жатып таксист менен сүйлөшүп келдим. Яндекс такси кызматындагы таксисттер эртең менен, кечинде тыгындан качып чыккысы келбей калыптыр. Мисалы, өткөндө жума күнү Жогорку Кеңештен үйгө чейин 560 сомго араң такси таптым. Бул Москванын эле баасы да. Таксисттен "Яндексте көйгөй барбы?" деп сурадым. "Мына, байке, карасаңыз, унаа аз. Таксиге чыккысы келбей жатат" дейт. "Эмнеге аз" десем, "тыгында тургандан чарчап жатабыз" дейт.
Экология министрлиги мэрияга метрону куруу боюнча сунуш киргизиши керек. Метрону куруп баштагыла, анткени бул абал жылдан жылга күчөй берет. Биз, Кыргызстан, бүгүн 7 миллион 200 миң элбиз. Абдан жакшы. Эртең 10 миллион болобуз, буюрса. 10 миллион болгондо Бишкекте канча адам жашайт? Кантип жүрөбүз?
Метрону бүгүн куруп баштасак 5-10 жылда бүтүрөбүз", - деп депутат Экология министрлигинин өкүлүнө кайрылды.