26 жаштагы атактуу Олимпиада чемпиону карьерасы аяктаганын жарыялады

Япониялык атактуу балбан Такуто Отогуро профессионалдык күрөштөн кеткенин жарыялады. Бул тууралуу балбан өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул кээ бирөөлөр үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн, бирок мен күрөштөн кетүүнү чечтим. Менин күрөшүмдү сүйүп, колдогондордун баарына рахмат. Спорттун бул түрү келечекте дагы жакшы нукта өнүгөт деп ишенем", - деп жазды Отогуро.

Такуто Отогуро 26 жашта. Япониялык балбан Токио Олимпиадасында 65 килограмм салмакта алтын медаль утса, 2018-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда да алтын тагынган.

Японияда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балбандар килемде көпкө турбайт, бул жагынан Отогуро да четте калган жок.

Ал эми япониялык балбан кыздарда бул тескерисинче. Тагыраагы, алар көп убакыт бою күрөшүп, спорттук карьерасынан максималдуу пайда алууга аракет кылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан