Садыр Жапаров казино маселеси боюнча пикирин айтты

Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги "Кабар" агенттигине жарыяланды. Анда мамлекет башчысы эмнеге өлкөдө казинолордун иштөөсүнө уруксат берилгенин түшүндүрдү.

"Мамлекет үчүн арам эч нерсе жок. Мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек. Мен жеке өзүм үчүн жасап жаткан болсом, анда арам нерсени жасап атасың дешсе болот эле. Казиного уруксат берерибиз менен өлкөбүзгө инвесторлор агылып келди.

Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса, лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, 1 жети жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз.

Булар бүтүп ишке берилсе, он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса, мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек.

Мындан сырткары ат сарайга айланып калган илгерки профсоюздардын “Достук”, “Саякат”, мындан сырткары “Ак кеме” мейманканалары инвесторлор тарабынан беш жылдыздуу болуп курулуп жатат. “Саякаттын” ордуна жаңы мейманкананын курулуш иштери башталды.

Ош, Жалал-Абад, Баткенге да 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу үчүн жер сурап жүрүшөт.

Кыскасын айтканда, казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок. Утушта гана болду. Мен бир идея же сунуш айтсам, жөндөн-жөн айтпайм. Мамлекет үчүн пайдалуу келечегин көрүп туруп жасайм", - дейт өлкө башчысы.

Ошондой эле Жапаров Бишкекте иштеп жаткан 3 казиного бир дагы кыргыз жараны кирбегенин белгиледи. Президент маектин жүрүшүндө кыргыз жаштарына кайрылып, кумар оюндарынан алыс болууга чакырды.

"Бишкекте 3 казино иштеп жатат. Ушул күнгө чейин бир дагы кыргыз жараны кирген жок. Кирбейт дагы. Казинону кайтарган милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Видео жазуу дагы бар. Эгер кыргыз жараны кирген казино аныкталып калса, анда ал казино автоматтык түрдө жабылат.

Ошондуктан бир кыргыздын 5-6 миң доллары үчүн казино ээси бир миллион долларлык лицензиясынан айрылгысы келбесе керек.

Ал эми жашыруун казино ачып алып иштегендерди күч органдары кармап, мүлктөрүн конфискациялап жаткан учурлар бар. Жашыруун казино иштеткендер илгертен бери эле болуп келген. Азыр дээрлик жокко эсе болуп калды. Көзөмөл катуу.

Ал эми биздин кыздар-балдарыбызга айтарым, кумар оюндарына кызыкпагыла. Өлкө боюнча биздин жарандардын казинолорго кирбешин көзөмөлдөөгө толук күчүбүз жетет. Ал эми кошуна өлкөгө барып кумар ойноп келип жүргөн жарандарыбыз бар. Аларды көзөмөлдөш кыйын.

Мамлекет туристтер үчүн, өлкөбүзгө инвестиция тартыш үчүн, экономикабызды көтөрүш үчүн гана аракетибизди жасап жатабыз" деген пикирин айтты президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан