УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 11 жаштагы кызы Сумаянын ийгилиги менен бөлүштү. Ал социалдык баракчасына Испаниянын "Барселона" клубунда футбол ойногон кызы мыкты оюнчу болгонун билдирди.
"Сумая 2024-25 жылкы футболдук сезондо өзүнүн командасы менен бирге чемпион болушту. Ал эми кызым "Эң мыкты оюнчу" аталды. Кыздары кыйын кыргыздын!" - деп калтырган атайын кызматтын башчысы өз билдирүүсүндө.