УКМК Бишкектин борборундагы тарых жана маданият эстелиги болгон имаратты мамлекетке алды

Тарых жана маданият эстелиги болуп саналган Бишкектеги эки кабаттуу имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын борборундагы Раззаков көчөсүндө жайгашкан аянты 772,6 чарчы метр, 2900 чарчы метр жер тилкеси бар социалдык багыттагы эки кабаттуу имарат мурда мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган.

"Алсак, 1995-жылы ошол кездеги ченемдерди жана нормаларды бузуу менен өлкөнүн тарых жана маданият эстелиги болуп саналган бул социалдык мүлктү юридикалык жак 10 миң 759 сомго мыйзамсыз менчиктештиргендиги аныкталган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мүлктүн ээси бул мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, коммерциялык максатта пайдаланып жаткан эки кабаттуу имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү өз ыктыяры менен билдирген", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, учурда бул эки кабаттуу имарат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп, ал социалдык максаттарга пайдаланылат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан