Депутат айдоочулардан мурун МАИ кызматкерлеринен экзамен алуу керектигин айтты (видео)

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Русланбек Жакышов 1-сентябрдан тарта жол эрежесин айдоочулардан кимдер сурап, кандай тартип менен жүгүзүлө турганына кызыкты.

Ошондой эле эл өкүлү айдоочулардан мурун МАИ кызматкерлеринен экзамен алуу керектигин айтты.

"1-сентябрдан баштап жол эрежелерин айдоочулардан суроо боюнча азыр баарында суроо жаралууда. Аны кантип алышат? Көчөдө бара жатса эле токтото беришеби? МАИ кызматкерлери сурайбы, же "Унаа" мекемесинин кызматкерлери алабы?

Белгилүү болгондой, 4-5 жыл мурун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары коопсуздук курун тагына албай коомчулукка уят болгон. "Ошолор кантип сурайт?" деп жатышат. Биринчи МАИ кызматкерлеринен экзамен алуу керек, алар 90-100 пайыз билет бекен? Азыр айдоочулар кооптонуп жатышат", - деди депутат.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев учурда айдоочуларга суроолорду берүүнүн механизми иштелип жатканын билдирди.

"Азыр суроолорду берүүнүн механизмин иштеп чыгып жатабыз. Ар кандай варианттар болууда. Жолдо унаа айдап бара жатып жол эрежесин бузгандар гана оозеки суралат. Эреже менен бараткандарды сурамак түгүл, токтотконго акыбыз жок. Жол милициясынын кызматкери токтотуп алып эле, “буга жооп бер” деп сынакка жөнөткөнгө жол бербейбиз", - деди Аширходжаев.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан