Бүгүн, 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев спорт жана дене тарбия чөйрөсүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалымдалгандай, Касымалиев 1925-жылы спорт менен 800 адам машыкса, азыр алардын саны миллиондон ашкандыгын айтты. Ошондой эле жетишилген ийгиликтерге токтолду.
"Күрөш – бул биздин күчтүү жагыбыз. Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин жеңиштери эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз спортундагы алгачкы олуттуу жеңиштердин бири болуп калды. Алардын жолун улап Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медетова, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу балбандардын бүтүндөй тобу түзүлдү", - деди ал.
Ошондой эле жеңил атлетикага токтолуп, марафондо Олимпиаданын коло медалын алган жалгыз советтик спортчу Сатымкул Жуманазаровдун жана бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылаган Игорь Паклиндин деңгээлиндеги жаңы жылдыздары чыгарына ишеним билдирди.
"Бокс боюнча да кубандырарлык окуялар болуп жатат, Азат Үсөналиев, Мунарбек Сейитбек уулу жана жаш мушкер Амантур Жумаевдин ийгиликтери оптимизмди жаратат", - деп кошумчалап, Орзубек Назаров, Дмитрий Бивол жана башка атактуу мекендештердин эмгегин белгиледи.
Камсалиев кышкы спорттун инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде муз аянтчаларын жана лыжа базаларын куруу, "Кыргыз Куршевел" долбоору боюнча аракеттерди белгиледи. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
"Акыркы беш жылда спорт тармагын каржылоо олуттуу көбөйдү. 2020-жылы 800 миллион сом бөлүнсө, 2025-жылга бюджет 2,5 миллиард сомго жетти. Бул каражаттар өлкө боюнча спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган", - деп билдирди.
Жыйынтыктоо сөзүндө төрага спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылыгын айтып, 2028-жылы Лос-Анжелесте боло турган Олимпиадада Кыргызстандын курама командасынын ийгилик жаратарына үмүт арткандыгы белгиленген.
Иш-чара соңунда спорт тармагына өзгөчө салым кошкондор Министрлер кабинетинин сыйлыктарын алышкандыгы маалыматта кошумчаланган.