Чок-Тал айылынын 47 жаштагы тургуну өз ыктыяры менен мыйзамсыз сактап жүргөн курал-жарактарын укук коргоо органдарына тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тапшырып берген. Натыйжада андан 1 даана сайлуу жана 3 даана сайсыз ок атуучу мылтык, ошондой эле тиешелүү ок-дарылар алынган.
Милиция анын жасаган ишин жогору баалай турганын жана башка жарандарды да мыйзамсыз сакталган курал-жарактарын өткөрүп берүүгө чакырып, өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыштык жана административдик жоопкерчиликтен бошотуларын белгиледи.