ӨКМ чагылган түшкөн учурда эске алчу эрежелерди атады

Синоптиктер билдиргендей, өлкө аймактарында 9-10-апрель күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган түшкөн учурда эске алчу эрежелер менен бөлүштү.
  • Эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
  • Мешке от жакпаңыз. Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
  • Уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
  • Эгерде сиз токойдо болсоңуз, токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик дарактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
  • Суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан