Филиппинде жанар тоо атылып, бийиктиги 4 чакырымга көтөрүлдү (видео)

Бүгүн, 8-апрелде эртең менен Филиппинде Канлаон жанар тоосу атыла баштады. Анын жалыны жана түтүнү 4 чакырымдай көтөрүлгөнүн чет элдик басылмалар жазышты.

Филиппиндин Вулканология жана Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жанар тоо жергиликтүү убакыт менен саат 05:51де атылып, бир сааттан ашык убакытка созулган. Ошондой эле жанар тоонун атылышы 1ден 5ке чейинки шкала менен алганда, 3-деңгээлге жеткени айтылган. Жанар тоо келерки апталарда дагы атылуу коркунучу бар.

Ал эми жергиликтүү бийлик жакынкы бир нече айылга коркунуч болгондуктан мектептердеги сабактарды убактылуу токтоткон. Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Канлаон – Филиппиндеги эң чоң жанар тоолордун бири. Анын бийиктиги 2435 метр, диаметри 30 чакырым. Ал акыркы жолу 2024-жылы декабрь айында атылып, жакынкы аймакта жайгашкан 47 миңдей тургун эвакуация болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан