Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында анык эмес маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартууну караган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тааныштырып, долбоор маалымат коопсуздугун түзүү жана жарандардын объективдүү маалымат алуу укугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ал документте жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен интернет тармагында, сайтта, социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган анык эмес, жалган маалыматтарды жайгаштыруу, жайылтуу үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушталып жатканын билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Русланбек Жакышов аталган мыйзам сөз эркиндигине, адам укугуна доо кетириши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, сынды көтөрө албаган жетекчилер үчүн курал болуп калат деген кооптонуусун да айтты. Ал эми депутат Арсланбек Эгембердиев мыйзам кандай түрдөгү иш-аракеттерге карата иштей турганын тактаса, эл өкүлү Алишер Эрбаев жалган маалыматты аныктоо механизмдерине кызыкты.
Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам жактырылды.