"Мына акча". Оштун мэри Токторбаев шаарга кирген унаалардан акы алууну сунуштады (Видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалардан акы алууну сунуштады. Тишелүү видеону шаар мэриясы жарыялады.

Ал мындай пикирин тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатып билдирген.

"Шаардын кире бериш жактарына аркаларды куруп, жеңил жана оор унаалар кире турган терминалдарды коюп, жолду оңдоп, унаа токтоочу жайларды уюштуруп койсок. "Шаарга унаасы менен кирем десе", анда жеңил унааларга 50-100 сом ал эми жүк ташуучу унааларга 100-150 сом акы ала турган кылсак. Бир күндө 56 миң унаа кирип-чыгат экен. Эгер 50 сомдон эсептесек, бир суткада 2 миллион сом, 10 күндө 20, бир айда 60 миллион сом түшөт. Мына акча", - деди ал.

Калаа бийлиги түшкөн каражат мектеп, бала бакча, оорукана жана реабилитациялык борборлорду курууга, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жумшаларын билдирди.

"Шаарда 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан 800 миңден ашат. Күн сайын шаарга жакынкы жана алыскы аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип-чыгат. Алар жол тыгындарын жаратып, кырсыктарды жана абанын булганышын күчөтүүдө. Эгер алардан акы алынса бир жылда жалпы 3 миллиард сомго жакын каражат жергиликтүү бюджетке келип түшөт", - деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

08.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2025-04-08 22:15:00
Вай нең
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан