"Адамдын тагдыры анын ысымына байланат" дейт Мелис Мураталиев (видео)

SUPER.KG медиа порталынын бул жолку чыгарылышынын коногу кыргыз таануучу Мелис Мураталиев болду.

Маектин жүрүшүндө Мураталиев ар бир кийимдин маданияты, философиясы бар экенин белгилеп өттү. Ошондой эле ал кыргыздар "ак ат" эмес, "боз ат" дешип ак түстү тергешкенин, негизи эле түстөр, алардын маанилери, балага ысым коюуда эмнеге көңүл коюу кажет жана башка улуттун уңгулуу темаларында кеп кылды.

"Ысымга жараша адамдын тагдыры да байланат. Эгерде "Темирбек", "Бектемир" десең темирдей бекем болот. Эгерде "Таалай" деп койсоң анда келечеги кең болот. "Бакыт" десең жашоосунда жыргалы көп болот. Ар бир сөздүн маңызына жараша адамдын тагдыры байланат", - дейт ал.

Мындан тышкары Мураталиев балага ысым коюуда ойлонуп, маанисине карап коюу керектигин айтат.

Толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан