Бишкекте жаңы үч автобус каттамга чыгат (кыймыл схемасы)

11-апрелден тарта Бишкекте жаңы №61, №45 жана №35 автобус каттамдары жүрө баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Анда маалыматка караганда, №61 автобус каттамы Киркомстром – Көк-Жар багыты боюнча жүрөт. Ал эми №45 автобус каттамы айланма схема боюнча уюштурулган: 10-кичи район – Алыкулов көчөсү – 7-Апрель көчөсү. Бул каттам №35 каттамына карама-каршы багытта жүрөт.
Аталган каттамдарда 12 метрлик заманбап, ISUZU үлгүсүндөгү газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.
Ошондой эле маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында бир катар каттамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.
  • №51 автобус каттамы эми «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Беш-Күнгөй айылына чейинки багыт боюнча жүрөт. Мурда бул каттам айланма жол менен жүрсө, эми автобустар Мыктыбек уулу Сарыбагыш, Карагул ата, 7-Апрель, Курманжан датка жана Алматы көчөлөрү аркылуу каттайт.
  • №9 автобус каттамы да жарым-жартылай өзгөртүлүп, эми автобустар Байтик баатыр көчөсүнүн ордуна А.Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан