Футбол: "Арсенал" менен "Реал Мадриддин" беттеши сенсациялуу аяктады (видео)

Бүгүн, 9-апрелге караган түнү Европада беделдүү делген Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын алгачкы оюндары болуп өттү.

Анда лондондук "Арсенал" өз үйүндө "Реал Мадрид" клубун кабыл алып, сенсациялуу түрдө жеңишке жетти.

Беттеш 3:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады.

58-мүнөттө "Арсеналдын" жарым коргоочусу Деклан Райс айып соккусу менен эсепти ачты. 70-мүнөттө ошол эле Райс экинчи жолу айып соккудан атаандашынын дарбазасына гол киргизип, дубль жасады. Көп өтпөй эле 75-мүнөттө лондондук клубдун жарым коргоочусу Микель Мерино эсепти 3:0гө айлантып, оюнга чекит койду.

Бул эки команданын жооптук беттеши 16-апрелде Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан