"Сумеркинин" жылдызы бүгүн 34 жашта: Кристен Стюарт тууралуу кызыктуу фактылар

Бүгүн, 9-апрель - "Сумерки" тасмасында Белла катары таанылган актриса Кристен Стюарттын туулган күнү. Бул жылдыздуу актриса бүгүн 34 жашка чыкты. Кино сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүн ээлеген образдан кийин ал көпчүлүк күтпөгөн жол менен өсүп, Голливуддагы өзүнчө феноменге айланды.

Кристендин ата-энеси кино тармагында иштегендиктен, ал 8 жашында мектептеги спектаклде ойноп жатканда кастинг директорунун көңүлүн бурган. Алгачкы ири ролдорунун бири — 2002-жылы чыккан Дэвид Финчердин "Паника бөлмөсү" тасмасында Жоди Фостер аттуу каармандын кызын ойногон. Бул ролу үчүн ал "Жаш актриса" (Young Artist) сыйлыгына көрсөтүлгөн.

2008-жылы Кристен "Сумерки" (Twilight) тасмасында Белла Свондун ролун аткарып, дүйнөлүк атакка ээ болгон. Бул тасма Стеффани Майердин китептеринин негизинде тартылып, беш бөлүктөн турган серияга айланган. Белланын ролу Кристендин эл аралык деңгээлге таанылышына өбөлгө түзгөн. Ошол убакта ал 18 жашта болчу.

"Сумерки" сериясынан кийин Кристен ар түрдүү жанрдагы тасмаларда роль жаратып, актёрдук чеберчилигин көрсөттү. 2014-жылы "Силс Мария булуттары" (Clouds of Sils Maria) тасмасындагы ролу үчүн Франциянын эң жогорку кино сыйлыгы болгон "Сезар" сыйлыгын алган. Муну менен ал аталган сыйлыкка ээ болгон алгачкы америкалык актриса катары тарыхта калды. Бул анын актриса катары жогорку деңгээлин далилдеген учур болду.

2021-жылы "Спенсер" (Spencer) тасмасында хан бийке Диананын образын жаратты. Бул ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына "Эң мыкты актриса" номинациясында көрсөтүлгөн. Стюарттын терең жана абдан так иштелген бул образдагы актёрдук чеберчилиги кино сынчылары тарабынан жогору бааланды.

Көп жылдар бою ар түрдүү каармандардын ролун жаратып келген Кристен Стюарт акыркы убактарда режиссёрдук тармакка да олуттуу кызыга баштаган. Ал бир нече интервьюсунда өзү тасма тартууну кыялданып, сценарийлер үстүндө иштеп жатканын билдирген.

2017-жылы Кристен өзүнүн биринчи кыска метраждуу тасмасын – "Сүзүп кел" (Come Swim) деген ат менен тарткан. Бул тасма Канн фестивалында көрсөтүлүп, анын чыгармачыл көз карашы, символизмди колдонуу жөндөмү жана визуалдык стили сынчылар тарабынан жогору бааланган.

Ал келечекте толук метраждуу тасма тартууга бел байлап жатканын да берген маектеринде билдирген. Анын айтымында, тасмаларында өзүнүн турмуштук тажрыйбасын, терең эмоцияны жана коомдогу көрүнүштөрдү чагылдырууну көздөйт.

Актриса жеке жашоосун узак убакыт бою купуя сактоого аракет кылган. Бирок акыркы жылдары өзүн эркин сезе баштап, сүйүүсүн да жашырган жок. Учурда ал сценарист кыз Дилан Мейер менен мамиледе. Экөөнүн мамилеси 2019-жылы башталган.

Кристан Стюарт – Голливуд стандарттарына сыйбаган актриса. Ал стилистикалык (ред.;модага байланыштуу) эркиндикти жактырат, ЛГБТ тууралуу ачык айтуу менен көпчүлүк үчүн эркиндиктин символу болуп калды.

Ал жаш кезде алынган атакты жоготпой, тескерисинче, аны өзүнө ыңгайлаштырган, чыгармачылыкты терең түшүнгөн, олуттуу актрисага айланды.

9-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан