Украиналык депутат өлкө жакында картадан жок болушу мүмкүн экенин айтты

Украина учурда кыйын тандоо алдында турат: баарына карызды төлөп берүү, же картадан жок болуу. Бул тууралуу мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткан Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Ал белгилегендей, өлкө президент Владимир Зеленскийдин иш-аракеттеринен улам бурчта калды.

"Бүгүн Украина кыйын тандоо алдында турат: Ал тандоо – алган миллиарддаган карыздарды берүү, же картадан жок болуп кетүү. Зеленскийдин өлкөгө алып келген кырдаалынын өзгөчөлүгү – бул бир убакта согуштан утулуп, өлкөнү да банкротко кептөө менен бардыгына карыз төлөп бере турганында", - деп жазды ал.

Буга чейин Дубинский Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин жарандык согуш жана өлкөнүн кыйрашы сыяктуу бир нече сценарий болушу мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан