Америкалык белгилүү ырчы жана кино жылдызы Женнифер Лопес жай айында Астана шаарына келип концерт коёт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, концерт 1-августта Астана шаарындагы Аренада өтөт.
Америкалык жылдыз бул жылы жай айында дүйнөдөгү ар кайсыл 17 шаарга барып, концерт берет. Анын алгачкы концерттери Стамбул, Анталия жана Шарм-эль-Шейх шаарларында болмокчу. Ошондой эле ал Европанын Кадис, Малага, Мадрид, Барселона, Варшава, Будапешт жана башка көптөгөн шаарларына барат.
"Ушул жай айында менин өзгөчө концерттерим бар. Сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биз көптөн бери көрүшө элекпиз. Бул жай абдан сонун болот", - деп билдирүү калтырган ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына.
Ал эми Astana Concert компаниясынын продюсери Малик Хасенов Женнифер Лопестин 1-августка белгиленген концерти өлкө бюджетине 400 миллион теңге киреше алып келерин жана 15 миңден ашык чет элдик турист келе турганын билдирген.