Токмокто 25 жаштагы жигит Volkswagen унааларын уурдоого шектелип кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында бир нече унаа уурдаган шектүү кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, 8-апрелде милицияга 2000-жылы туулган жаран кайрылып, Киров көчөсүнөн Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаасын уурдатканын айткан. Ага улай 1999-жылы туулган жаран Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар алып кеткенин айтып, арыз жазган.

Токмок шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспортту уурдоо) менен кылмыш ишин козгоп, натыйжада 2003-жылы туулган М.С. аттуу жаранды кармаган.

Унаалар ээлерине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан