Белгилүү кыргыз альпинисти жана ушул эле федерациянын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң ири Аннапурна чокусун багындырды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Жеңиш биздики, элим! Президент Садыр Жапаров берген туубуз эң коркунучтуу жана эң татаал чоку болгон 8091 метр бийиктеги Аннапурнада көтөрүлдү", - деп жазды ал.
Ал бул чокуну багындыруусун кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана кыргызстандыктарга арнады.
Аннапурна – бул Непалдагы чокулардын бири. Бул чоку дүйнөдө өлүм көрсөткүчү эң көп чокулардын бири. Бул чокуга дүйнө жүзү боюнча 266 адам гана жете алган. Өлүмдүн негизги себеби – кар көчкү.