Депутат эмдөөдөн өтпөгөн балдарды мектепке кабыл албоо чечимин сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин бүгүн, 9-апрелдеги жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт деген чечимин сынга алды.

Ал билдиргендей, аталган маселе боюнча кайрылган ата-энелердин саны көп болууда.

ткөнкү аптада билим берүү жана илим министринин орун басары эмдөөдөн өтпөгөн балдарды мектепке кабыл албайбыз деген чечимин чыгарды. Түшүнүп жатам, кызамык – абдан коркунучтуу оору. Эмдөөнүн пайдасын дагы билип жатабыз. Бирок бул медициналык маселе эмес, бул конституциялык маселе.

Конституциянын 46-беренесинде (ред.: Ар бир адам билим алууга укуктуу. Негизги жалпы билим милдеттүү. Мамлекет ар бир баланын өнүгүүсү үчүн шарт түзүүгө милдетүү) так, даана жазылып турат. Биз болсо ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жатабыз. Мамлекет элдин коопсуздугун, саламаттыгын карашы керек. Бирок Конституцияны бузуп эмес.

Кээ бир эмдөөдөн өтүүгө болбойт деген балдар болот, медициналык маалым каты бар. Кээ бир ата-энелер жетишпей калат. Кээ бир биздин айылдарыбыз бар, оорукана эмес, ФАП жок. Алар дагы эмдөө алганга мүмкүнчүлүгү жок болуп калат. Биз алардын балдарына эмне дейбиз? "Силердин балдарыңар экинчи сорттогу балдар" же "силердин балдарыңар билим алууга татыксыз" дейбизби? Ушул маселени дыкат карап чыгууну өтүнөм", - деди эл өкүлү.

Депутат жыйында конституциялык соттун төрагасы, башкы прокурорго, саламаттык сактоо министрине кайрылып, билим берүү жана илим министрлигинин чечимине баа берүүнү суранды.

Айта кетсек, буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбай турганын билдирген эле.

Анын айтымына караганда, мектепке кабыл алуу толук түрдө санариптештирилип, онлайн форматта болот. Болгону медициналык маалым каттар гана кагаз түрүндө талап кылынат.

09.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан