Депутат Дастан Бекешев бүгүн, 9-апрелдеги парламенттин жыйынында Чүй облусундагы мектеп жетишсиздиги боюнча маселени көтөрдү.
Маалыматка ылайык, Бишкек жана Чүй облустарында мектеп жетишсиздигинен улам бир класста 50дөн бала окуп жатканын айтты. Атайын имараттарды ижарага алуу менен кичи мектептерди ачуу маселесин карап көрүү сунушун берди.
"12 жылдык окууга өтүүгө байланыштуу абал мындан да оорлошуп кетиши мүмкүн. Стандарт боюнча бир класста 36 окуучу болуусу керек. Мугалимдер, "Эмнеге 50 окуучуга билим берген мугалим, бир класста 20 окуучуга сабак берген мугалим менен бирдей маяна алат?" деген суроо менен көп кайрылып жатышат", - деди Бекешев өз сөзүндө.
Ошондон улам көп окуучу менен иштешкен мугалимдердин түйшүгүн эске алып, салыштырмалуу түрдө эмгек акысын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.