Орусиянын Федералдык салык кызматы мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун банк эсебин кайрадан жаап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мушкердин банктык эсептери бул жолу салык декларациясын тапшырбагандыктан жабылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Орусиянын Федералдык салык кызматы мушкердин банк эсептерин камакка алган. Андан соң ага 79 миллион рубль карызы үчүн аткаруу өндүрүшү козголгон. Бирок кийинчерээк Нурмагомедов салык карызын төлөп, эсептери ачылган.