Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Токтогул районунун Торкент айылындагы А.Мамыров атындагы авариялык абалдагы мектепке барды. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 9-апрелде билдиришти.
Министр анда мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуп, “Алтын казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди.
Ошондой эле жаңы курулуп жаткан мектептин курулуш иштерин көрүп чыкты.