Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев массалык маалымат каражаттары социалдык баракчаларына материалдарын жайгаштырган соң коомчулук тарабынан жазылып жаткан сын көз караштарга да жооптуу болуп, тазалап туруусу керектигин айтты.
Айта кетсек, күн тартибинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.
Эл өкүлү экинчи окууда өз сунушун берип, ар бир ММК эл тарабынан жазылган пикирлерди иргеп туруусу керектигин айткан.
"Журналисттер жазбашы мүмкүн. Бирок фейктер, үчүнчү күчтөр, коопсуздукка коркунуч келтирип жаткандар отуруп алып, жаза бериши мүмкүн. Журналисттер менен мени чабыштырып, Өкмөт менен Жогорку Кеңешти чабыштырып. Ошол үчүн кайсы массмедиа жарыяласа (ред.: социалдык баракчаларга), ошонун астындагы комментарийлерине да жооптуу болушу керек. Эгер "Балбак, туура эмес иштеп жатасың, болбогон эмесиң" дешсе, анда макул. Бирок "Балбак, сен с, м, т, п, сен мындай болуп жатасың" десе бул башка багыт. Мында редакция баарын өчүрүш керек. Экинчи окууда ушул сунушту беребиз. Өкмөт макул болсо жөнгө салалы", - деди Түлөбаев.
Ал эми аталган мыйзамды жыйынга алып чыккан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев элдин сын-пикири үчүн редакциянын жооп берүүсү туура эместигин айтып, өзүн сыйлаган ММКлар улуттар аралык кастыкты козуткан, мамлекеттик бийликти төңкөрүүгө багытталган комментарийлер өчүрүлө тургандыгы боюнча эскертүүлөрдү берип жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, депутат Балбак Түлөбаев коомчулук тарабынан ага карата жазылып жаткан "с, м, т, п" деген сөздөр эмне экендигин ачыктаган жок.