
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары жер мыйзамдарын бузуу менен фабрикага тиешелүү болгон жалпы аянты 10 гектар жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.