
Муфтият Сауд Араб Падышалыгынын жаңы талабына ылайык, ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эместигин эскертти.
Ага ылайык, 2025-жылдагы ажылык мезгилине даярдык көрүү максатында Мекке шаарына ажылык визасы жок кирүүгө жана анда калууга ушул жылдын 29-апрелинен 10-июнуна чейинки аралыкта тыюу салынат.
"Бул чектөөлөр тууралуу маалымдоо боюнча Сауд Араб Падышалыгына сапар тарткан жарандарга Саудиянын мыйзамдарын сактоого чакыруу менен бирге Сауд Араб Падышалыгынын жаңы талабына ылайык ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эмес экендигин эскертебиз", - дешти мекемеден.