Кыргызстанда балык уулоого убактылуу тыюу салынды 

Өлкөдө балыктардын уругун чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө жети облустун көл жана көлмөлөрүндөгү каңылтыр, жаян, кадимки кой балык, ак амур, акмурун макоо балыгы,кадимки чортон, жылан баш, кадимки көк серке, маринка, күмүштөй таман балык, кадимки алабуга, кызыл канат, арал чабагы, тыран, кубулма, кадимки чабак, итмурун, ыссык-көл чабагы, ыссык-көл майда балыгы жана каңылтыр балыктарына тиешелүү.
Буга байланыштуу 15-майга чейин Ысык-Көл чабагына, 20-майдан 15-июлга чейин каңылтыр балыгына, 1-майдан 1-июлга чейин Ысык-Көлдүн майда балыгына жана башка балыктарга чектөө болот.
Ошондой эле өлкөдөгү дарыялардын лимиттелүүчү балыктын баалуу түрлөрүн ышкыбоздук жана спорттук уулоого дагы чектөө киргизилген. Ага ылайык 5-июндан 15-июлга чейин Осман балыгына, 15-октябрдан 15-декабрга чейин Амударыя жилингири балыгына тыюу салынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан