Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы кыздардын кийимин кийип, чет элдик жаранды сабаган жигиттер боюнча толук маалымат берди.
Маалымдалгандай, алардын экөөсүнө, тактап айтканда 2002-жылы туулган К.Н. менен 2001-жылы туулган А.Т. аттуу жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренси (майда бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Белгилей кетсек, бул беренеде 5500 сом айып пул, же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу же 3 суткадан 5 суткага чейин камакка алуу каралган.
Ал эми ур-токмокко алынган чет өлкөлүк жаран мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн да айыпка жыгылган.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында чет элдик жаран сабалганы боюнча социалдык баракчаларда видео тарап, милиция 3 жигит кармалгандыгын айткан.