Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кесиптештерин социалдык тармактарда айтылган сындарга көңүл бурбоого чакырды.
"Интернетте ар бири өз оюн айта берет, дей берет. Анын ар бирине жооп бериштин эч кандай кажети жок. Эгерде айтылган бардык сындарга жооп бере берсек… Баарыңыздар билсеңиздер керек, мен эч качан жооп бербейм. Себеби, айта берет, дей берет.
Мен абийиримдин алдында туура иш жасап жаткан болсом, эч качан жооп бербейм. Айта беришсин, жаза беришсин. 150 лайк менен 150 комментарийдин кулу болуштун кажети жок. Элге, мамлекетке татыктуу кызматыбызды аткара берели", - деди ал.