Европа чемпиондугунун сыйлоо аземиндеги чырдын чоо-жайы ачыкталды

Орусиянын Күрөш федерациясынын башчысы Михаил Мамиашвили менен Албаниянын атынан чыккан түндүк осетиялык балбан Чермен Валиевдин ортосунда чыккан чырдын чоо-жайы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Михаил Мамиашвили алтын медалды Чермен Валиевге тагып жатып ага "өлкөңдү сатып кеттиң" деп айтып, аны жаман сөздөр менен коштогон. Буга балбан нааразы болуп, медаль тагуу үчүн ийилбей койгон. Андан кийин Мамиашвили алтын медалды өтө орой түрдө таккан. Анын сөздөрүн Азербайжан курамасынын башкы машыктыруучусу Хетаг Гозюмов угуп калган. Бул тууралуу "Вольная борьба" Телеграм каналы жазды.

26 жаштагы Чермен Валиев былтыр эле Орусия курама командасынын курамында болчу. Ал Олимпиадага аз калганда жарандыгын алмаштырып, Албаниянын атынан Париж Олимпиадасына катышып, коло байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан