Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин тарифтик комиссиясы 10-апрелден тарта АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 34 пайыздан 84кө көтөрдү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, бул чечим АКШ бийлигинин Кытай товарларына тарифтерди 104 пайызга көтөргөнүнө жооп катары кабыл алынган.
"Пекин Вашингтонду туура эмес практикасын дароо оңдоого, бир тараптуу тарифтик чаралардын баарын алып салууга жана тараптардын пикир келишпестиктерин диалог аркылуу чечүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-апрелден баштап АКШ Кытайдан импорттолуучу товарларга бажы алымдарын дагы 50 пайызга жогорулатып, анын көрсөткүчү 104 пайызга көтөрүлгөн.