Көчө шыпырган таиланддык кыздын кокустан тартылган сүрөтү ага атактуулук алып келди (видео)

Таиландда көчө тазалап иштеген кыздын капысынан тартылган сүрөтү ага атактуулук алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, Таиландга эс алууга барган орусиялык турист 28 жаштагы Ноппажит Мин Сомбунсате аттуу кызды көчө шыпырып жаткан учурунда көрүп калып, сүрөткө тартып алган. Сүрөттөрдүн бирин кыздын өзүнө берген. Андан кийин ошол окуянын видеосун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган. Аталган видео интернетке тарап, миңдеген адамдар анын табигый сулуулугуна суктанышкан.

Көп өтпөй медиа жана моделдик агенттиктер кызга байланышка чыгып, иштешүүнү сунуш кылышкан.

Таиланддык маалымат каражаттарына берген маегинде 28 жаштагы кыз эки баланы жалгыз тарбиялап жатканын жана бир жылдан бери көчө тазалап иштеп келерин айтып өткөн.

Учурда анын сүрөттөрү эң көп талкуу жаратууда. Ага таиланддык белгилүү косметикалык бренддер кызматташуу сунушун билдиришкен.

Таиланда көчө тазалап иштеген кыздын капысынан тартылган сүрөтү ага атактуулук алып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан