Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутаттардан анын аты-жөнүн туура айтууну өтүндү.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев төрагага "Нурланбек Тургунбекович" деп кайрылган. Анын сөзүнөн кийин эле төрага кесиптештеринен аты-жөнүн туура айтууну өтүндү.
"Өз убагында сөздү айтыш керек, мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин. Мен Нурланбек Тургунбек уулумун, кыргызча жакшылап кайрылыңыздар. Нурланбек Тургунбекович жок", - деди ал.