
Бүгүн, 10-апрелде Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жерине 24 куткаруучу, 75 кызматкер, 50 жай тургун тартылып, баланын денеси саат 08:30дар чамасында табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-апрелде 2019-жылы туулган Д.А. аттуу жаш бала дарыяга түшүп кеткендиги айтылган. Куткарууга 200дөн ашуун адам тартылган.