Европа чемпиондугунда өтө орой түрдө медалды таккан Мамиашвили билдирүү жасады

Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили Словакиянын Братислава шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Европа чемпиондугундагы сыйлык тапшыруу аземинде албаниялык балбан Чермен Валиев менен болгон окуя тууралуу комментарий берди.

"Мен аны жеңиши менен куттуктадым. Аны сыйлап жатканыма таң калды болушу керек. Анткени бир жыл мурун, Олимпиадага 4 ай калганда ал биздин командада болчу. Аны курама командага биз даярдаганбыз. Бирок бүгүн ал көзүнө жаш алып Албаниянын желеги астында жүрөт.

"Тилекке каршы, булар жаш балдар, алар үстүндөгү желектин баркын толук түшүнүшпөйт. Аларды таптаган жана аларга мүмкүнчүлүк берген өлкө үчүн жоопкерчиликти түшүнүшпөйт. Ооба, кээде оор шарт болсо дагы Орусия аларды балбан кылып чыгарган. Эми анын колунда Албаниянын желеги", - деген Мамиашвили "Спорт Экспресс" басылмасына.

Кечээ, 9-апрелде Европа чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болгон балбандарды сыйлоо аземинде Михаил Мамиашвили түндүк осетиялык, учурда Албаниянын атынан чыгып жаткан Чермен Валиевге алтын медалды өтө орой түрдө таккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан