УКМК Каракол шаарынын мурдагы мэрин кармады

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталган.

"Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу жаранга жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган. Бул иштер мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А. тарабынан жүргүзүлгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган жаран кармалып, Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан