"Кезек АКШда". Трамп Кытайдан барган товарларга бажы төлөмүн дагы 21 пайызга жогорулатты

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү үчүн жогорулатылган импорттук алымдарды киргизүүнү 90 күнгө токтотконун жарыялады. Бул мезгилде Трамп өзүнүн социалдык баракчасына 10 пайыз тариф күчүнө кирерин жазды. бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Маалымдалгандай, 90 күнгө токтотуу АКШ менен сүйлөшүүгө барып жаткан өлкөлөр менен гана ишке ашат.

Ал эми ага улай Трамп Кытайдын импорттук алымдарын дагы да көбөйткөнүн билдирип, 104 пайыз эмес, эми 125ке чейин жете тургандыгын айткан. Чечим дароо күчүнө киргендиги кошумчаланган.

Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Анда ал АКШ Евробиримдиктен – 20 пайыз, Кытайдан – 34, Улуу Британиядан – 10, Вьетнамдан – 46 жана Индиядан – 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтерди киргизип жатканын көрсөткөн болчу.

Буга жооп катары Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз, андан соң 84 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Ал эми АКШ болсо акыркы ирет 104 пайызга жогорулаткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан