Депутат Акылбек Түмөнбаев улуттук тогуз коргоол оюнун жогорку класстардын окуу программасына киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушун эл өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-апрелдеги жыйынында айтты.
"Бизде ордо, тогуз коргоол деген улуттук оюндар бар. Ошол тогуз коргоол кошуна мамлекеттерде ойнолуп, мектеп окуучуларына дагы киргизилиптир. Тогуз коргоолдун жетекчилери мага кайрылышты. Тогуз коргоолго бюджеттен акча каралбайт экен. Тогуз коргоол боюнча чет жакка турнирге барарда демөөрчүлөргө кайрылып жүрүшүптүр.
Оюнду билим берүү системасындагыларга айтып, 9-10-11-класттарга киргизүү керек. Ушул спортторго бюджеттен каржы бөлүп, мектептен башташ керек", - деди ал.