Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Бишкектеги селсаяктар боюнча маселени көтөрүп, акыркы учурларда алардын саны өсүп кеткендигин айтты.
Жыйынга келген шаардын вице-мэри Рамиз Алиевге эл өкүлү өз нааразычылыгын айтып, селсаяктарды тартипке келтирүүчү, алар баш калкалоочу аянттарды түзүү керектигин белгиледи.
"Селсаяктар Бишкекти каптап кетти. Мурунку келгениңизде тазалоо жумушун баштайбыз дегенсиз. Тескерисинче, мектептин жанында, коомдук жайларда көбөйүп кетти. Селсаяктарга баш калкалоочу борборлор барбы?" - деп суроо салды депутат.
Ал эми мэрдин орун басары алар жашай турган жай жок экендигин белгилеп, "Ош базарындагы" селсаяктарды тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын эске салды.
Депутат жыйында сөзүн улай мэрия базардагы мыйзамсыз сатуу түйүндөрүн бузуунун алдында, алгач аларга шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.