Аскат Алагөзов "Манас" аэропортундагы ремонт иштери качан аяктаарын айтты

Бүгүн, 10-апреде президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Манас" эл аралык аэропортундагы оңдоп-түзөө иштерине токтолуп, социалдык баракчасына видео жүктөдү.
Анын айытымында, аба майданынындагы ремонт иштери быйыл октябрь же ноябрь айларында соңуна чыгат.
"Ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган заманбап жарыктандыргычтар орнотулат. Бул өз кезегинде учурда аба ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат. Азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт.
Кыскасын айтканда, аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып, замандын талабына шайкеш келет. Курулуш иштерин каржылоо “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы өздөрү тапкан каражаттарынын эсебинен жүрүүдө", - деп белгилеген Алагөзов.
Кошумчалангандай, мындай оңдоп-түзөө иштери кийинки жылы “Ош” эл аралык аэропортунда жасалмакчы.
10.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан