Баткен мамлекеттик университетинде (БатМУ) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында БатМУнун жооптуу кызматкерлери каражаттарды ыйгаруу боюнча мыйзамсыз схеманы, ошондой эле жалган документтерди тариздөө жолу менен командировкалык чыгымдарды негизсиз төлөөлөрдү уюштургандыгы такталган.
"Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматын тартуу менен жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян 17 миллион 322 миң 500 сомду түзгөн. Азыркы учурда кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу жана алар тарабынан аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.