Аламүдүн районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа сатып алып, акчасынын жарымын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга Ж.Ш. аттуу жаран кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылы Киа Соренто үлгүсүндөгү унааны 37 миң 500 долларга Ш.И. аттуу жаранга сатып, алгач 10 миң долларын алганын, 2 айдын ичинде алып келүүнү убадалаган 27 миң 500 долларын бербей жатканын айткан. Ошондой эле унаа үчүнчү жактарга сатылып кеткендиги кошумчаланган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада 1992-жылы туулган Ш.И. аттуу жаран кармалган.

Учурда унаа далил катары алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан