11-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 11-апрелде өлкө аймагындагы айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19.

Бишкек шаарында түнкүсүн +9…+11, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан