Бишкек шаарында 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Орто-Сай" базарынын аймагын көрктөндүрүү иштери жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу менен таанышкан.
Борбор калаа башчысы курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүүнү, ага чектеш аймакты көрктөндүрүү маселесин кароону, турак жайлардын жанындагы балдар аянтчасын жана футбол аянтчасын оңдоону тапшырган.
Ошондой эле мэр буга чейин орнотулган ротордук унаа токтотуучу жайдын ишин дагы текшерген.
Белгилей кетсек, Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө жайгашкан биринчи ротордук унаа токтотуучу жай ишке берилген. Аталган унаа токтотуучу жай 10 унаага ылайыкталып, баасы саатына 25 сомду түзөт.