Депутат Асман шаары, казино, бактар тууралуу айтып, аткаминерлердин жоопкерчиликке тартылбаганына кызыкты

Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жалган маалымат тараткан чиновниктер эмне үчүн жоопкерчиликке тартылбай жатканына кызыкты.

"Мэр "бактарды жөн эле кыйдырган жокпуз, алар эски бактар" деген. Андан кийин бизге келип, "жолду кеңейтпейбиз" деди, бирок тескеринче болуп калды. Бул жалган маалыматпы? Мисалы, Асман шаары курулат деген маалымат азыр жалган. Бирок 30 жылдан кийин бул маалымат чын болуп калса. Ал эми казино боюнча, 1 миллиард сом бюджетке түшөт дешкен, араң эле 100 миллион сом түштү. Бул жалган маалыматпы? Буга ким жооп берет?

Эмне себептен биздин мыйзамдар жарандарга эле жазылат? Жарандар жооп берет, чиновниктер жооп бербейт. Энергетика министри "кышында ыш болбойт" деген, бирок ышты барыбыз эле сездик. Мыйзам боюнча ушулар жооп береби?", - деди Бекешев.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жоопкерчиликке тартуу үчүн так маалымат керек экенин билдирди.

"Азыркы кезекте ал маалыматтарды жалган деп айтуу туура эмес. Сиз так маалымат айтсаңыз, биз ошого жараша жооп берели", - деди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан